АЛИМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИМЕНТ (лат. аlimentum ‒ тамак, багуу) ‒ мыйзам боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири экинчисине милдеттүү түрдө төлөп туруучу каражат. Алимент милдеттенмесинин негизи болуп дайыма үй-бүлөлүк мамилелер (нике, туугандык, асырап алуу) саналат. КРдин мыйзамында алимент алууга укуктуулугу, төлөөгө милдеттүүлүгү, анын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү белгиленген. Мисалы, эрезеге жете элек балдар, ошондой эле үй-бүлөнүн жашы жеткен, бирок эмгекке жараксыз мүчөлөрү алимент алууга укуктуу. Эрезеге жете элек балдарга биринчи кезекте ата-энелери (асырап алуучулары) каражат төлөөгө милдеттүү. Ата-эне дүйнөдөн кайткан же каражаты болбогон учурда балдарды багууга каражат төлөп туруу милдети мыйзамда көрсөтүлгөн үй-бүлө мүчөлөрүнө (чоӊ ата, чоӊ эне, эрезеге жеткен бир туугандары, өгөй ата, өгөй эне, иш жүзүндөгү тарбиячыга) жүктөлөт. Эрезеге жете элек балдарды багуу үчүн төлөнүүчү алименттин өлчөмү мыйзамда төмөндөгүдөй белгиленген: бир бала үчүн ‒ алимент төлөөчү ата-эненин айлыгынан жана (же) накта кирешесинин 1 чейреги, эки балага ‒ үчтөн бири, үч же андан көп бала үчүн жарымы чегерилет. Балдарды багуу үчүн алимент алар 18ге толгонго чейин төлөнөт. Алимент алган адамдын аны алуусуна негиз болгон жагдайлар жоюлганда (мисалы, алимент алуучу адамдын эмгекке жарамдуулугу кайра калыбына келсе) алимент алуу укугу күчүн жоготот. Алимент адатта ыктыярдуу төлөнөт. Алимент төлөтүү жөнүндөгү жарандык иштер бир айдын ичинде каралууга тийиш. Жоопкер сотко келбесе, мажбурлап келтирилет. Эгер анын турган жери белгисиз болсо, сот издөө жарыялоого милдеттүү. Зарыл учурларда сот ишти караганга чейин эле алимент төлөтүү жөнүндө убактылуу токтом чыгарышы мүмкүн. Төлөтүү доочу сотко кайрылганга чейин эле каралып, эгер жоопкер андан баш тартса, өтүп кеткен убакыт (үч жылга чейин) үчүн да төлөтүп алынат. Соттун алимент төлөтүү жөнүндөгү чечими чыгарылган күндөн тартып күчүнө кирет, жоопкердин апелляциялык даттануусу аны токтото албайт. Алимент төлөөдөн кыянаттык менен качуу, аны сот белгилеген өлчөмдө төлөбөөгө аракеттенүү (мисалы, кошумча айлык акысын узак убакыт жашыруу) адамдын өмүрүнө, ден соолугуна зыян, беделине шек келтирүү сыяктуу кылмыштарга кирет.

                                                                                                                 С. Муратбек кызы.