АЛИМБЕКОВ Акматали

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИМБЕКОВ Акматали (9. 12. 1957-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Кандава айылы) – педагог. Педагогика илимдеринин доктору (2010), профессор (2009), кыргыз этнопедагогикасынын көрүнүктүү изилдөөчүсү. Жалал-Абад педагогика окуу жайын (1977), ОшМУнун педагогика факультетин бүтүргөн (1980). ОшМУнун педагогика факультетинде  окутуучу (1980-1995), ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, Азыркы Кыргыз билим берүү  академиясында ага илимий кызматкер, педагогика бөлүмүнүн башчысы, директордун биринчи орун басары (1995–2000), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окутуучу (2001), 2012-жылдан баштап аталган университеттин педагогика кафедрасынын башчысы.

Эмг.: Организация этнопедагогических экспедиций в педвузе. Б.,1987; Эстетическое воспитание в кыргызской народной педагогике. Б.,1988; Кыргыз этнопедагогикасы (окуу программасы). Б., 1993; Кыргыз этнопедагогикасы: Окуу куралы. Б., 1996; Педагогиканын кээ бир айрым маселелери. Б., 1998; Кыргыз элинин билим берүү салттары. Б., 2001; Мугалимдик кесипке киришүү. Б., 2002.