АЛИЕВ Мидин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Мидин (1928, Нарын облусу, Кочкор айылы ‒ 1997, Бишкек) ‒ патофизиолог, медицина илимдеринин доктору (1965), профессор (1967). КММИни бүтүргөн (1951). Москвадагы 1-медицина институтунда аспирант. Кыргыз ССР ИАнын Бийик тоо физиологиялык жана эксперименттик патология институтунун директору (1954‒71), лаборатория башчысы. КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1996). Гипертония оорусунун бийик тоо шартында пайда болушу, анын өтүшү, дарылоо боюнча илимий-изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Эмг.: Гипертония и горный климат. Ф., 1966; Гипертония и атеросклероз в условиях высокогорья (в соавторстве). Ф., 1978; Адаптация к горному климату при артериальной гипертонии. Ф., 1978.