АЛИЕВ Качыбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Качыбек (1939-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Дархан айылы) ‒ экономист, экономика илимдеринин доктору (1993). КМУУну (1963), Москва экономика-статистика институтунун аспирантурасын (1966) бүткөн. КМУУнун экономика жана менежмент факультетинде окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, «Кыргызстан» АКБ башкармасынын начальниги болуп иште-

АЛИЕВ67.png

ген. КРCУда профессор, 2000-жылдан КМУУ ИППККда кафедра башчысы. Калкты каттоо жана алардын иш менен камсыз болуусун изилдөө боюнча адис. 20дан ашуун илимий иштери жарык көргөн (2002). Негизги эмгектери Кыргызстандын калкына жана эмгек ресурстарына, эмгек статистикасына, экономикалык билим жана маркетингге арналган.
Эмг.: Население и трудовые ресурсы Киргизии. Ф., 1985; Основы маркетинга. Б., 1997; Экономика. Б., 2001.