АЛИБАЕВ Атабек Пахырович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИБАЕВ Атабек Пахырович (1968-жылы туулган, Баткен облусу, Кадамжай району) – техника илимдеринин доктору (2010). 1992-жылы БПИни бүтүргөн. Эмгек жолун КМТУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, окуу бөлүмүнүн начальниги, “Учкун” АКта КБнын инспектору, ТКБнын начальниги, маркетинг кызматынын жана продукциянын сапаты боюнча башкармалыгынын начальниги, Мамлекеттик комиссиянын алдындагы материалдык резервди камдоо боюнча директордун орун басары, ЖАМУда доцент, башкармалыктын начальниги, факультеттин деканы, окуу иштери боюнча проректор болуп иштеген. Илим жана техника тармагы боюнча КРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси. Ал 80 илимий эмгектин, анын ичинде 3 монография, 7 патенттин ээси.