АЛЖИР шаары

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЖИР (арабча Аль-Жазаир) ‒ Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын борбору. Алжир вилайетинин (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Алжир булуӊунун батыш жээгинде, Атлас тоо системасындагы Телль-Атлас кырка тоосундагы Журжур тоосунун капталында жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2010; Чоӊ Алжир агломерациясында 3,4 млн). Жер Ортолук деӊиздеги порт (жылына 23‒29 т жүк ташылат). Эл аралык аэропорт бар. Алжир ‒ өлкөнүн ири өнөр жай жана маданий борбору. Машина куруу, тамак-аш (шарап, май), текстиль, химия, нефть ажыратуу өнөр жайы иштейт. Метрополитен, университет, улуттук китепкана, архив (1971), музей (алгачкы коомдун тарыхы жана этнографиясы), театр, ботаникалык бак бар. Кинематографиянын улуттук борборунда 1985-жылдан театралдык фестивалдары өткөрүлүп турат. 10-кылымда Икозиум тургун жайынын калдыгынын ордунда негизделген. 1830‒1962-ж. Франция ээлигинин администрациялык борбору болгон. Касба-чеби (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген) мунаралуу (1323). Чоӊ мечит (1096) мунаралары менен сакталган.