АЛЕЧ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЕЧ МӨҢГҮСҮ ‒ Швейцарияда Альп тоолорундагы мөӊгүлөрдүн эӊ чоӊу. Аянты 87 км2, узундугу 24,7 км. Тармактанган өрөөн мөӊгүсү. Берн Альп тоолорунан түштүк жана түштүк-батышка карай түшүп, Рода дарыясынын өрөөнүндө мөӊгүнүн этеги 1520 м бийиктикке чейин жетет. Туризм өнүккөн; темир жол 3500 м бийиктикке чейин барат; асма жол, мейманканалар бар.