АЛЕУТТАР
АЛЕУТТАР (өздөрүн у н а н г а н, у н а н г а с деп аташат) ‒ Алеут аралынын (АКШ) жергиликтүү калкы. Аляска жарым аралынын түштүк батышында, Россиянын Командор аралында да жашашат. АКШда 2300, РФте 482 киши (2010).
Алеут тилинде сүйлөшөт. Алеуттардын ата-бабалары болжол менен 10‒12 миӊ жыл илгери Аляскадагы өздөрүнө тектеш эскимостордон бөлүнүп келип, Алеут аралына отурукташкан. Алеут аралы орустар тарабынан ачылгандыгы жана андагы жергиликтүү тургундарды алеуттар деп аташкандыгы тууралуу маалыматтар 1747-жылдагы документтерде кездешет. 1799‒1867-жылдары Алеут аралын орус-америка компаниялары биргелешип башкарып турган. 1867-жылы Россия тарабынан Алеут аралы жана Аляска жарым аралы АКШга сатылган. Европалыктар келгенге чейин (18-кылым) алеуттар деӊиз жаныбарларына (деӊиз мышыгы, суу жолборс ж. б.) аӊчылык кылышкан, балык уулашкан, мөмө жыйнашкан. Жыгачтан, таштан, сөөктөн жасалган эмгек куралдарды колдонушкан. Алар негизинен деӊиз мышыгынын терисинен жасалган парка (туюк тон), камлейка (туюк жака, капюшондуу), деӊиз айбандарынын терисинен тигилген торбаса (бут кийим) кийишкен. Деӊиз жаныбарларынын, канаттуулардын, балыктын эти менен тамактанышкан. 1932-жылы Россияда Камчатка облусунда Алеут улуттук району, 1970-жылы АКШда чарба иштерин жөнгө сала турган Алеут аймактык корпорациясы түзүлгөн. Азыркы мезгилде чарбачылыктын жаӊы тармактары: айбанаттар (норка) чарбасы, мал чарбачылык, бакчачылык өнүгүп жатат.