АЛЕКСЕЕВ Максим Николаевич
АЛЕКСЕ́ЕВ Макси́м Никола́евич – [23. 05. (05. 06) 1911, Россия империясы, Таганрог округу, Голодаевск болуштугу – 25. 10. 1986, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары] – Советтер Союзунун Баатыры (27. 07. 1943). Советтик Армиянын катарына 1933-жылы чакырылып, 1938-жылы Харьковдогу аскер-аба училищасын бүтүргөн. Совет-фин согушуна (1939 – 1940) катышып, Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи күнүнөн алыска учуучу 2-гвардиялык аба корпусунун 8-гвардиялык аба дивизиясынын 19-гвардиялык аба полкунда штурман катары согушка кирген. 1943-жылдын июнь айына чейин душмандын терең тылына (алардын ичинде Берлин, Кёнисберг, Варшава, Данциг, Бухарест ж.б.) 209 жолу аскердик учуш жасап, бул эрдиктери үчүн Советтер Союзунун баатыры (№ 1052) деген наамга ээ болгон. 1951-жылы штурмандардын Жогорку аскер аба мектебин бүтүрүп, 1955-жылы подполковник М. Н. Алексеев эс алууга чыккан. 2 жолу Ленин, 2 жолу Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ж.б. ордендер менен сыйланган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.