АЛЕКСАНДР НЕВСКИЙ ЛАВРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДР НЕВСКИЙ ЛАВРАСЫ орус князы Александр Ярославич Невскийдин (1221‒1263) шведдерди жеӊишинин (1240) урматына Петр Iнин буйругу менен 1710-жылы Черная дарыясынын (Монастырская) Невага куйган жеринде курулган. Алгач Ыйык-Троицк монастыры деп аталган, 1797-жылдан император Павел Iнин Указы менен ага Александр Невский лаврасы статусу ыйгарылган. Лавранын архитектуралык ансамблине Благовещенск чиркөөсү (1717‒22), Федоров чиркөөсү (1742‒50), Троицк собору ж. б. кирет. Петр I бул жерди дин кызматкерлери‒архиерейлерди даярдоочу жайга айландырууну көздөгөн жана монастырдын иеромонахтарынан аскер-деӊиз флоту үчүн дин кызматкерлери алынган. Анын көрсөтмөсү менен 1724-жылы Александр Ярославич Невскийдин жасаты жана буюмдары Владимир шаарындагы Рождественск монастырынан Алексндр Невсккий лаврына алынып келинген. 1720-жылы монастырдын алдында басмакана ачылган. 1721-жылы Славян мектеби түзүлүп, 1809-жылдан Санкт-Петербург дин академиясына айландырылган. Октябрь революциясынан (1917) кийин Александр Невский лаврасынын мүлкү конфискацияланып, карамагындагы чиркөөлөр жабылган. 1957-жылы Ыйык-Троицк собору кайра ачылган. 1996-жылы Александр Невский лаврасы орус православие чиркөөсүнө кайтарылган. Александр Невский лаврасына орустун атактуу тарыхый инсандарынын (М. В. Ломоносов, А. В. Суворов, М. И. Глинка, П. И. Чайковский , Н. М. Карамзин, Ф. М. Достоевский ж. б.) жана советтик маданият ишмерлеринин сөөктөрү коюлган.

Ад.: Антонов В. В., Кобак А. В. Святыни Санкт-Петербурга. Историко-церковная энциклопедия: В 2т. СПб., 1994‒1996.