АЛЕКСАНДР МАКЕДОНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДР МАКЕДОНСКИЙ, И с к е н д е р З у л к а р н а й н (б. з. ч. 356, Пелла ‒ б. з. ч. 323, Вавилон) ‒ улуу кол башчы жана мамлекеттик ишмер, Македониянын падышасы (б. з. ч. 336 ‒ 323). Македониянын падышасы Филипп IIнин уулу. 13 жашынан грек философу Аристотелден таалим-тарбия алган. Согуш өнөрүн атасынан үйрөнгөн. Чыгыш элдери аны кийинчерээк «ал-Искендер Зулкарнайн» ‒ «Кош мүйүздүү Искендер» деп, ал чыгарган тыйындардагы кош мүйүздүү туулгасына карап аташкан. Адегенде ал Дунайдын жээгинде фракиялыктардын Македонияга каршы кыймылын басат. Македониядан бөлүнүп чыгабыз деген Фивы, Афины ж. б. грек мамлекеттеринин оппозициячыл кыймылына катуу сокку урат (334-жыл). Тактыга олтургандан кийин панэллин союзун жана бириккен грек-македон аскерлерин түзөт. Александрдын негизги максаты Персия мамлекетин талкалоо жана жаӊы жерлерди басып алуу болгон. Б. з. ч. 334-жылы анын аскерлери Геллеспонт кысыгынан өтүп, Персияга согуш ачып, май айында перс армиясын талкалайт. 333-жылы күзүндө Иссанын жанында Персия падышасы Дарий IIIнүн аскерлерин талкалап, Кичи Азияны ээлейт. 332‒331-жылдары Египетти басып алат. 331-жылы октябрда Месопотамиядагы Гавгамелдин жанында перс аскерлерин жеӊип, Вавилон, Сузы, Персеполь, Экбатану шаарларын каратат. Дарий III өлгөн соӊ, Александр өзүн Персияга падыша деп жарыялап, чыгыш монархы, эбегейсиз зор Грек-македон-перс мамлекетинин башчысы болуп калат. 329-жылы Орто Азияга басып кирип, Маракандды (Самаркандды) багындырып, Сыр-Дарыянын жээгин туруктаган элдерге кол салат. Грек-македон аскерлерине каршы ал жерде Спитамен башында турган жергиликтүү элдердин көтөрүлүшү (б. з. ч. 329‒327) башталып, өзгөчө сак уруулары катуу каршылык көрсөтөт. Б. з. ч. 329-жылы Яксарт (Сыр-Дарыя) суусунун жээгинде грек-македон аскерлери менен сактардын ортосунда айыгышкан кармашуу болот. Бул кармашта сактардын 1000ге жакын аскери, ал эми грек-македондуктардын 160тай адамы каза таап, миӊге жакыны жарадар болгон. Натыйжада сактар жеӊилүүгө учурап, артка чегинишет. Чегинген аскерлерди кууп, Александр азыркы Кыргызстандын аймактарына ‒ Кожо-Бакырган-Сайга (Баткен облусу) чейин келгендиги тууралуу тарыхый маалыматтарда айтылат. Алардын андан ары жылышына согушчан көчмөндөр жол берген эмес. Көчмөндөр ошол мезгилде гректерден кем калбастан куралданып, капыстан атчан чабуул коюу ыкмасы менен салгылашкан.

АЛЕКСАНДР МАКЕДОНСКИЙ51.png

Александр Сыр-Дарыянын жээгине (азыркы Кожент менен Бекабаддын ортосунда) «Александрия Эсхата» («Четки Искендерия») шаарын курууга киришет. Ал адегенде 20 күндүн ичинде узундугу 10 кмге созулган чеп, андан кийин он жети күндүн ичинде турак жайларды курдурат. Ошол эле мезгилде бактриялык Роксана аттуу кызга үйлөнөт. Спитамендин аскерлери жана сактардын жоокерлери Македонский аскерлери менен күрөшүн токтотпостон уланта беришкен. Акыры б. з. ч. 327-жылы гана Орто Азия элдери каршылыгын токтотуп, биротоло багынып беришкен, бирок Македонскийдин армиясынын да күчү мурдагыдан бир топ начарлаган. Буга карабастан, Александр согуштук жүрүшүн андан ары улантып, Гиндикуш тоосун ашып, Батыш Индияга жортуул жасайт да, аны басып алат. Бирок согуштан тажаган аскерлердин арасында нааразычылыктын күчөшү аны артка кайтууга аргасыз кылган. Ал империянын борбору катары жарыяланган Вавилон шаарына кайтып келип, жергиликтүү элдердин бийлөөчүлөрүн мамлекеттик башкаруу кызматтарына тартып, түрдүү элдерди бириктирүүгө аракет кылган. Македонский Аравияны жана Түндүк Африканы басып алуу үчүн жаӊы жортуулга кызуу даярданып жатканда, безгек менен ооруп, дүйнөдөн кайтат. Мамлекетти анын аскер башчылары ‒ диадохтор башкарып, алар империяны өз ара бөлүп алышкан. Александрдын доорунда ал түзгөн мамлекеттин аймагы Дунайдан Инд дарыясына чейин созулуп, дүйнөдөгү эӊ ири империя негизделген. Бул ири державанын саясий жана экономикалык биримдиги анчалык бекем болбосо да, грек жана чыгыш маданиятынын жуурулушуусу эллинизм маданиятынын калыптанышына жана гүлдөп-өнүгүүсүнө алып келген.

                                                                                                                            Ч. Жумагулов.