АЛЕКСАНДР АФРОДИЙСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДР АФРОДИЙСКИЙ (Кичи Азиядагы Афродисие шаарынан, 2‒3-кылым) ‒ байыркы грек философу, Афиныдагы перипатетикалык мектептин башчысы, Аристотелдин комментатору. Теӊир руху адам жанын мекендеши мүмкүн экенин айтып, бирок ал жандын өлбөстүгүн четке каккан. «Жан жөнүндө» деген чыгарманын комментарийинде акылдын үч жактуулугу (нус) концепциясын өнүктүргөн. Ал орто кылымдагы араб жана еврей философиясына таасирин тийгизген. Анын комментарийлери эмдигиче илимий маанисин сактап келүүдө.

                                                                                                                       Ш. К. Алиева.