АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА ‒ таалим-тарбия чөйрөсүндөгү өздөштүрүлгөн билимдин жана методикалык ыкмалардын жыйындысы. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбанын жардамы менен үлгүлүү натыйжаларга жетишип, жаӊы, прогрессивдүү өнүгүүгө негиз түзүлөт. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны кеӊири колдонуу таалим-тарбия ишин тереӊ илимий негизде иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга шарт түзөт. Аны ар тараптан талдоо, жалпылоо жана кеӊири жайылтуу социалдык жана педагогикалык орчундуу милдеттерди чечүүгө негиз болот. Топтолгон алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны тереӊ окуп-үйрөнүү, анын табылгаларын айкындоо менен таалим-тарбиялык иштин жогорку таасирдүүлүгүнө жетүү жолдорун аныктоо, аны чыгармачылык менен колдонууга киргизүү маанилүү талаптардан болуп саналат. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбага ээ болгон коллективдин жана адамдардын иши атайын маалымат булактары, илимий иликтөөлөр, жаӊычыл педагогикалык идеялардын көргөзмөсү жана лекторийлери өз ара тажрыйба алмашуу ж. б. аркылуу кеӊири жайылтылат.