АЛДЫНА ТҮШҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛДЫНА ТҮШҮҮ ‒ кыргыз коомунда байыртадан кеӊири колдонулуп келаткан, күнөөсүн мойнуна алып, кечирим суроо салты. Алдыга түшкөн киши мал же баалуу буюм тартуулаган. Алдына түшүү расмиси ар кандай шарттарда өткөрүлөт. Анын көп түрү бар. Мисалы, келинди качырып алса, кыздын ата-энесине барыш үчүн мал-мүлкүн тартуулап, кудалардын алдында «ачуу басар» айыбына жыгылат; урушкандар ортосунда жабыр тарткандардын алдына түшөт; кичүүсү улуусуна тил тийгизсе, улуу адамдын алдында кечирим сурайт; эки адамда теӊ күнөө болсо, калыстар жараштырып коюшат. Албетте, жоопкерчилик заманда күчтүүлөр алсыздарды «күнөөлөп» алдына түшүрүшкөн. Эл арасында айтылып жүргөн «алдыӊа түшсө, атаӊдын кунун кеч», «сунган моюнду кылыч кеспейт» деген сыяктуу макалдар алдына түшүү адебинен калган болуу керек.