АЛГЫР КУШТАР
АЛГЫР КУШТАР ‒ аӊ уулоо, ар кандай илбээсиндерге салуу үчүн мүнүшкөрлөр тарабынан атайын тапталган кыраан куштардын жалпы атамасы. Аларга шумкар, ылаачын, жагалмай, ителги, бүркүт, карчыга, кыргый, турумтай ж. б. кирет. Булардын ичинен: бүркүт, жагалмай, турумтай, кыргый ‒ ш ы п ы р ы п а л у у ч у л а р; ителги, ылаачын ‒ т е б ү ү ч ү л ө р. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү, шамдагайлыгы менен башка куштардан айырмаланат.
Алгыр куштар оокат кылуу (аӊ алдыруу, илбээсин карматуу ж. б.) максатында, ошондой эле зоокчулук (көӊүл ачуу, тамаша куруу) үчүн да пайдаланылган. Алгыр куштар тартуу жана кыздын себине, калыӊга башат катары да берилген. Азыркы учурда алгыр куштарды салуу улуттук спорт оюнунун бир түрүнө айланды. Алгыр куштардын ичинен бүркүт менен карчыга азыр да тапталып, ууга алып чыгышат.