АЛГАЧКЫ СОВЕТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛГАЧКЫ СОВЕТТЕР К ы р г ы з с т а н д а г ы ‒ Февраль революциясынан (1917) кийин түзүлө баштаган жумушчу жана солдат депутаттарынын шайланма саясий уюмдары. Социал-демократиялык топтор менен бирдикте иштеген. 1917-жылы мартта Кыргызстанда Кызыл-Кыя кенчилери алгачкы жумушчу депутаттар советин түзүшүп, төрагалгына И. И. Едренкин шайланган. 16-мартта сүлүктүлүк кенчилер өзүлөрүнүн жумушчу депутаттар советин уюштурган (жетекчиси ‒ Д. Т. Деканов ). 1917-жылы март айынын ортосунда Пишпек шаарынын жумушчуларынын алгачкы совети түзүлгөн. Негизинен Улуу Октябрь революциясына чейин Кызыл-Кыя менен Сүлүктүдөгү алгачкы совет гана большевиктештирилген. Ноябрь айында Сүлүктүдө, декабрда Кызыл-Кыя менен Ошто, 1918-жылы январда‒февралда Пишпекте, май ‒ июнда Караколдо советтердин бийлиги орногон. Советтер элдик бийликтин органы катары иштеп, падыша өкмөтүнүн мурдагы буйруктарын жокко чыгарып, жумушчулардын эмгек акыларын жөнгө салган, 8 сааттык жумуш күнүн киргизип, калкты азык-түлүк менен жабдуу ж. б. экономикалык маселелерди чечкен.