АЛГАЧКЫ КООМДОГУ ИСКУССТВО
АЛГАЧКЫ КООМДОГУ ИСКУССТВО ‒ алгачкы коомдук түзүлүш дооруна таандык искусство. Б. з. ч. 40‒30-миӊинчи жылдар ченде соӊку палеолитте аӊчылардын турмуштук керектөөлөрүн жана ой-пикирлерин чагылдыруу (жөнөкөй турак жайлар, жаныбарлардын үӊкүрдөгү сүрөттөрү, аялдардын статуэткалары) аркылуу келип чыккан. Неолит жана энеолит доорунда дыйкандар менен малчыларда жамааттык жайлар, мегалиттер, түркүктүү курулуштар пайда болгон. Бул учурда сүрөт абстракттуу түшүнүктөрдү бере баштаган оймо-чийме өнөрү өнүккөн. Неолит, энеолит, коло доорлорунда Египет, Индия, Алдыӊкы, Орто жана Кичи Азия, Кытай, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Европада жашаган урууларда дыйканчылык мифологиясы менен байланыштуу искусство калыптанган (оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, скульптура). Түндүктөгү токой аӊчылары жана балыкчылар аскаларга жазуу-чиймелерди, жаныбарлардын тулкусун тартышкан. Коло жана темир доорлорунда Чыгыш Европанын жана Азиянын малчылык менен кесиптенген көчмөн уруулары айбанаттар стилин түзүшкөн.
Д. Өмүралиев.