АЛГАЧКЫ КЕКИРТЕКТҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛГАЧКЫ КЕКИРТЕКТҮҮЛӨР, о н и х о ф о р а л а р (Protracheata) ‒ омурткасыздар тибинин классы. Териси жумшак, жука келип, курт сымал түспөлдө. Денеси муунактуу, жуп буттары (14‒40) бар. Денесинен анча бөлүнбөгөн баш бөлүгүндө 3 жуп өсүндүсү болот. Биринчи жуп өсүндүсү ‒ узун мурутча. Өтө жай кыймылдаган жырткыч, майда курт-кумурскалар, жөргөмүштөр ж. б. организмдер м-н азыктанат, териси ж-а трахеялары аркылуу дем алат. Денесинин чоӊдугу бир нече ммден 10 смге жетет. Ичегилери өтө жөнөкөй түзүлүштө. Кан айлануу ж-а нерв системасы муунак буттуулардыкына окшош. Айрым жыныстуу. Көпчүлүк түрлөрү жумуртка, кээси тирүүлөй тууйт. Булар тропик жана субтропик токойлорундо көп. 1 түркүмү, 2 тукуму, 20дан ашык түрү бар.