АЛБАРСТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛБАРСТЫ ‒ диндик түшүнүктөгү жин-шайтандын аял кейпиндеги элестелген сыпаты; чачы жайылган, эмчеги салаӊдаган, эки ийнине арта салган, көрүнчү сөлөкөт. Кыргыздар ‒ албарсты, казактар, түрктөр, татарлар, башкырлар, өзбектер, тубалар, алтайлыктар ‒ албасты, түркмөндөр ‒ ал, албассы, ногойлор менен каракалпактар ‒ албаслы, азербайжандар ‒ хал, халанасы, кумыктар ‒ албаслы катын, балкар менен карачайлар ‒ алмасты дешет. Адам уктап жатканда жүрөк кагышынын начарлап, деми кыстыгып кыйналган же төрөт учурунда кыйналып алсыраган аялдын оор абалын динчил адамдар албарстынын басышы менен байланыштырышкан. Мындай түшүнүктөр адам организминдеги физиологиялык процесстерди билбегендиктен келип чыккан.