АЛА БАКАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛА БАКАН ‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 м узундуктагы жыгач буюм. Ала бакан көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай ала бакандар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген ала бакан чыгданды да жөлөп турган. Ошондой эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер менен кооздолуп жасалган ала бакан да колдонулган. Мындай ала бакан кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) Ала бакан түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр менен айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.

АЛА БАКАН17.png