АЛА-ТОО ОКРУГУ
АЛА-ТОО (АЛАТАУ, АЛАТАВ) ОКРУГУ – 1856-жылы Россия империясына караштуу «Чоң ордо» (Улуу жүз) приставчылыгынын ордуна уюшулган административдик-аймактык бирдик. Округдун түзүлүшүнө негизинен ошол кездеги саясий кырдаалдын курчуп чыгышы себеп болгон. 1846-жылы Иле дарыясынын чыгышындагы Улуу жүз урууларынын атынан казак султандары орус бийлигине толук баш ийгенин билдирип, ант беришкен. 1847-жылы Кенесары Касымов башында турган казак элинин көтөрүлүшүн басуу жана Улуу жүз урууларын андан коргоп туруу шылтоосу менен Иле дарыясынын оң жээгине Капал чеби курулган. Бул чептин курулушу Иле – Чүй дарыяларын камтыган аймактарда жергиликтүү кыргыз-казактарга салыштырмалуу күч-кубаттуу үч чоң өлкө – падышалык Россия, Кокон хандыгы жана Цин империясынын ортолорундагы саясий атааңдашдыкты курчутуп жиберген. Алматы суусунун Кашкелеңге куйган жеринде «Тойчубектин (Касаболот уулу) чеби» деген кокондуктардын коргону болуп, 1848-жылы жазында Аккулу башындагы 3000 кокондук аскер Пишпек чебинен аттанып, Иленин чыгышындагы Улуу жүзгө караштуу айрым султандарды Кокон хандыгына баш ийүүгө чакырган жана аларды каапыр орустар жана тоолук кыргыздардан коргоп турууга убада берип, зекет талап кылган. Аны менен бирге Ташкенттин кушбеги (1845–1847, 1849–1853, 1858–1864) Нар-Мухаммед (Нармат) Иленин чыгышындагы жерлерге доо коюп, Омскдеги орус акимчилигине бир нече жолу кат жиберген. Ушундай абалда орус бийлигинин кысымына кабылып, алардан жабыр көргөн казактар 1850-жылдары кокондуктарды пааналап, Иленин батышына көчө башташкан. Орус бийлиги аларды артка, б. а. мурунку конушуна кайтарууга аракет жасап, таасирдүү бийлерди аманатка алган, бирок андан майнап чыкпай, көчкөндөр көбөйө берген. Натыйжада 1851-жылы май айында 6-Сибирь казак-орус полкунун командири полковник И. С. Карбышевдин күчтүү куралчан (2 ракета станогу, 2 жеңил жана 6 батареялык миномет, жарым буттук 4 мортир ж.б.) экспедициялык отряды Иледен өтүп, Тойчубектин чебин биротоло талкалап кеткен. 1849-жылы Цин императорунун атайын жарлыгы менен Кулжа – Кашкар жолу курула баштап, аскерлеринин санын көбөйткөн жана өз кол алдымда деп эсептеген Боромбайга княздык наам берип, жылына он жамбы акы чегерген. Иле дарыясынын айланасында саясий жагдай ушундай курчуп жатканына байланыштуу 1851-жылы декабрь айында Ормон хан (1842–1855) Көлдүн башынан 6000 түтүнгө чамалаш эли менен Түргөн, Талгар суулары аркылуу Кашкелеңден конуш алган. Келер замат орус падышасы (1826–1855) Николай Iге кат жаздырып, Улуу жүздөгү дуулат, албандардын бир бөлүгү Россиядан качып, кыпчактарга (Коконго) өтүп жатканын, Ала-Тоонун чыгышы – Иленин сол жээги, ага куйган Чарын (документте Нарын) Кашкелең сууларынын аралыгы бош калганын угуп, акылга ий эли менен кеңешип, бош калган жайлоо-кыштоолорго көчүп келгенин айтып, Иле жана Чүй сууларынын араларынан конуш берүүнү өтүнгөн. Аны менен бирге Ормон хан падышага өзүнчө сунушунда Ормон хан өз максатын ачык билдирип, казактар эгин эгүүгө тоскоол кылып, малын уурдап жатканын, ошондуктан Иленин оң жагына казак, сол жээгинде кыргыздарга конуш берилсе, Жумгал, Кочкор, Нарын, Кетмен-Төбө кыргыздарын көчүрүп келерин маалымдап, ал жерде тынччылык орнорун эскерткен. Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1850–1961) Г. Х. Гасфорт Ормон хандын жогорудагы сунушуна макул көргөн, бирок, Россия империясынын Тышкы иштер министрлиги (Азия департаменти) кыргыздардын Иле боюнан орун алышына каршы болгон. Алар Ормон ханды Россия империясынын карамагына кабыл алууга аракет кылууну гана сунуштайт. Анткени 1850–1851-жылдары Батыш Сибирь генерал-губернаторлугун текшерип чыккан генерал-адъютант Н. Н. Анненков чек ара линиясын Иленин сол жээгиндеги Курттуу жана Курбанак суулары аркылуу Чүй суусунун аягындагы кумдарга чейин жеткирип, андан Ташкентке багыт алууну, ал үчүн канча аскер, канча курал-жарак керек болорун билдирип, 1852-жылы май айында орус өкмөтүнө атайын доклад жиберген. Анда «тоолук жапайы кыргыздардын сол канаты» менен кагылышуу мүмкүн болорун, ага алдын-ала даярдык керектигин эскертет. Н. Анненковдун сунушуна орус падышасы макул болуп, 19-майда кол коет. Натыйжада Ормон хандан жөн гана ант алуу жана Иле дарыясынын батыш жээгине туруктуу чеп салууга ыңгайлуу орун караштыруу үчүн 1853-жылы 2-июлда Чоң ордонун приставы майор М. Д. Перемышльский башындагы 2 замбирекчен 467 казак-орустан турган атайы аскер экспедициясы Капалдан чыгат. Бирок өтүнүчү аткарылбай турганын уккан Ормон хан мындан бир аз мурун (1853, май-июнь) Кеминге көчүп кетет. Тыңчы Ф. Ногоев аркылуу орус бийлигине берген жообунда Ормон хан алардын Россиянын карамагына өтүү сунушун жалпы элге салып чечерин, эл кандай чечим кабыл алса ошондой болорун билдирген. 19-май 1854-жылы «Семей (Семипалатинск) облусун түзүү» жөнүндө жобо бекитилип, Аягөз тышкы округу жана Иле дарыясынын эки жээгин бириктирген Капал жаңы аскер округу анын карамагына өткөн. 1854-жылы күзүндө Верный чеби курулуп бүткөндө, ал чеп борбор болгон Аскер министрлигине караштуу «өзгөчө Ала-Тоо округу түзүү» сунушталат. Ага «Иле дарыясынын сол жээгин (Заилийский край) каратуу үчүн» даярдалган 1848-жылдын 10 январындагы өтө жашыруун көрсөтмө негиз болгон. 1855-жылы 17-январда бугу уруусунун Россия империясынын букаралагына өтүшү менен Чоң Ордо приставчылыгы мурунку аталышына жооп бербей калган. Башкача айтканда ушул учурдан баштап аймакты каратуу өтө тездик менен жүргөн. Жаңы ачылган округ алгач Иле дарыясынын чыгышындагы Кичи (Жуңгар) Ала-Тоодон Ысык-Көл өрөөнүн камтып, Чүй суусуна чейин жеткен. Натыйжада 3-ноябрь 1856-жылы Сенат тарабынан Иле дарыясынын батышын кошо камтыган жаңы, «өзгөчө Ала-Тоо округун ачуу тууралуу» жобо кабыл алынат. Анын башчылыгына Чоң ордонун приставы подполковник М. Д. Перемышльский дайындалып, ушундан баштап ал «Ала-Тоо округунун начальниги »деген аталышка ээ болот. Округдун башчылары болуп М. Д. Перемышльскийден (1856) кийин полковник М. М. Хоментовский (1856–57, анан кайра М. Д. Перемышльский (1857–58), майор Колпаковский Г. А. (1858–1865) дайындалышкан. 1857-жылга карай Семей облусуна чыгыштан батышка карай үч округ – «тышкы Аягөз» (Лепси суусуна чейин), «Капал аскер» (Лепсиден Каратал – Көк-Сууга чейин), «өзгөчө Ала-Тоо» (Каратал – Көк-Суудан чексиз батышка чейин) карап калган. 1859-жылы 24-январда Петербургда орус падышасы (1855–1881) Александр II өзү катышкан жашыруун кеңешме жүрүп, анда чек араны дагы кеңейтүү маселеси талкуланган. Аны иш жүзүнө ашыруу аракети менен 1860-жылы август айынын аягында полковник А. Э. Циммерман 15 замбирек куралданган 1750 орус аскерин жетектеп Чүй суусунан өтүп, кокондуктардын чеби Токмок менен Пишпекти толук талкалап кайткан. Бирок кокондуктар Пишпек чебин тез оңдоп, ошол эле жылы октябрь айында 20 миңдей кол менен орус аскерине каршы жүрүшкө чыккан. Чечүүчү салгылашуу Узун-Агач чебине жакын жерде болуп, кокондуктар жеңилип калган. 1862-жылы октябрь айында А. Г. Колпаковский жеңил артиллериялуу дивизион, тоого ылайык замбирекчен 2 взвод, 8 рота жөө аскер, 200 атчан казак-орус менен Пишпек чебин тып-тыйпыл талкалагандан кийин кокондуктар бул тараптан кол салуусун токтоткон. 1862–1863-жылдардагы капитан А. П. Проценконун Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнө жасаган аскер экспедициясынын жыйынтыгында Ала-Тоо округу түштүктө Кашкар өрөөнү менен чектешип калган. Полковник М. Г. Черняев жетектеген көп сандуу (8 рота жөө, төмөнкү чиндеги 2571 аскер), мыкты куралчан (8 талаа, 2 тоо замбиреги, ракеталуу 2 станок), 789 ат, 3981 төөгө коштолгон орус аскери 1864-жылы май-июнь айларында Мерке, Олуя-Ата чептерин, 1865-жылы Ташкентти алышы менен Арал деңизинен Ысык-Көлгө чейин созулган Жаңы-Кокон линиясы пайда болуп, аны башкаруу үчүн Россиянын аскер министрлигинин карамагында Батыш жана Чыгыш Сибирь аскер округдары түзүлгөн. Буга ылайык Семей облусу жана ага караган Сергиополь (мурунку Аягөз), Капал жана Ала-Тоо округдары Батыш Сибирь аскер округунун карамагына өткөн. 1867-жылы 11-июлда орус падышасы Түркстан генерал-губернаторлугун түзүү тууралуу атайын жобо бекиткен. Ушул жобонун негизинде жаңы дайындалган Түркстан крайынын генерал-губернатору фон-Кауфман 27-октябрь 1867-жылы мурунку Ала-Тоо округунун ордуна Токмок уездин камтыган Жети-Суу облусун түзүлүү жөнүндө буйругун чыгарган.
Э. Турганбаев
Ад.: Сборник узаконений о киргизах степных областей //Сост. ст. советник Тург. обл. правл. И. И. Крафт. Оренбург, 1898; Сборник материалов для истории завоевания 1864 г.; Собр. полк. А. Г. Серебренников. Таш., 1914; Туркестанский край. Сборник материалов для истории его завоевания. 1866 г. Таш., 1915; Венюков М. Очерки Заилийского края и Причуйской страны. //ЗИРГО, 1861. Кн. 3. Джамгерчинов Б. Присоединение Киргизии к России, М., 1959; Ошонуку эле. Очерки политической истории Киргизии XIX века, Фр., 1966; Горячева А. А., Фришман Л. С. Заря над Семиречьем. А..-А., 1987; Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда. Б., 2002; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004.