АЛА-БУКА суусу
Jump to navigation
Jump to search
АЛА-БУКА ‒ Ала-Бука районундагы суу, Касан-Сай суусунун сол куймасы. Узундугу 58 км, алабынын аянты 225 км2. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы мөӊгүлөрдөн башталат. Мартта кирип, августта тартылат. Жылдык орточо чыгымы 2,75 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ала-Бука кыштагы жайгашкан.