АЛА-БУКА ЧОПО КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
АЛА-БУКА ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Ала-Бука кыштагынан 10 км түндүк-чыгышта, деӊиз деӊгээлинен 1180‒1200 м бийиктикте. 1987-жылы геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Жогорку төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу топурак саргыч боз түстө, көзөнөктүү, борпоӊ. Топурак катмарынын калыӊдыгы 30 мге чейин, казып билинген калыӊдыгы 11 м. Кумайлуу топуракка 30%тен 40%ке чейин Кызыл-Ата чопо кенинин чопосун кошсо «100» маркадагы карапа кирпич алууга болот. Запасы А категориясы боюнча 349 миӊ м3, В ‒ 714 миӊ м3, С1 ‒ 3143 миӊ м3, А+В+С1 ‒ 4206 миӊ м3.