АЛА-БАШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛА-БАШ ‒ Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы кыштак. Ак-Терек айыл аймагына караштуу. Тескей Ала-Тоонун түндүк этегинде, деӊиз деӊгээлинен 2105 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 60 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 111 км. 1880‒90-ж. отурукташкан. Калкы 1125 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.