АЛА-АРЧА УЛУТТУК ТАБИЯТ ПАРКЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛА-АРЧА УЛУТТУК ТАБИЯТ ПАРКЫ ‒ мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Кыргыз Ала-Тоосунун эӊ бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түндүк тарапты карай созулуп жаткан Ала-Арча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 км түштүк тарапта. Аянты 19,4 миӊ га. Деӊиз деӊгээлинен 1600‒4200 м бийиктикте; орточо бийиктиги 3300 м. Паркты уюштурууга чейин капчыгай аркылуу Суусамыр жайлоосуна мал айдалчу жол өткөндүгүнө жана анда шаар калкынын чаржайыт эс алгандыгына байланыштуу, илимий жолго коюлбаган чарбалык пайдалануудан Ала-Арчанын экосистемасы, айрыкча жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү бир кыйла өзгөргөн. Парк Ала-Арча капчыгайынын кайталангыс кооз ландшафтысын коргоо, табигый өсүшүнө жана калыбына келишине шарт түзүү, ошондой эле ал жерде калктын эс алуусун сапаттуу уюштуруу максатында 1976-жылы негизделген. Ала-Арча капчыгайы жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты боюнча бир топ айырмаланат. Кыргыз Ала-Тоосунун негизги кыркасынан ажырап, түндүктү карай жапыздап, чыгышынан Аламүдүн, батышынан Жыламыш капчыгайларынан бөлүнүп турат. Капталдарын тик аскалар жана коргул таштар ээлеген капчыгайдын рельефи татаал. Жогору жагы жылгалар, бийиктеги тепши сымал өрөөндөр, төрлөр, аскалуу бийик чокулар менен бүтөт. Ала-Арча улуттук табият паркынын жана жалпы эле Кыргыз Ала-Тоосунун эӊ бийик жери ‒ Аламүдүн чокусу (4893,4 м) Аламүдүн айрыгында жайгашкан. Паркты курчаган тоолордо 60тан ашык чокулардын бийиктиги 4000 мден ашат. Алардын маанилүүлөрү: Таажы (4866,7 м), Эркин Корея (4840 м), Мугалим (4500 м), Теке-Төр (4444 м) ж. б. Бул чокулар тоо туризминин жана альпинизмдин өрчүшүнө шарт түзөт. Климаты жагымдуу. Күн тийүү узактыгы Ысык-Көл курорт зонасынан калышпайт (жылына 2100‒2700 с). Январдын орточо температурасы ‒7,8°С, июлдуку 12,2°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 540 мм. Ала-Арчанын төрлөрүндө (3500 мден жогору) жайгашкан мөӊгүлөрдүн жалпы аянты 53,6 км2. Ири мөӊгүлөрү: Голубин (Жинди-Суу), Ак-Сай, Теке-Төр, Топ-Карагай, Туюк, Адыгине ж. б. Алардан шар аккан, шаркыратмалуу суулар башталат. Жай мезгилинде Ала-Арча суусунун орточо чыгымы (4,17м3/сек ) 5‒10 эсеге артат. Ландшафтына бийиктик алкактуулук мыйзам ченеми мүнөздүү: тоо этегинде (адырларда) талаа, андан жогору токой-талаа-шалбаа, субальп, альп жана гляциалдык-нивалдык алкактары. Өсүмдүктөрү да башка капчыгайлардан өзгөчөлөнөт. Ала-Арчадагы тяньшань карагайы коӊшулаш капчыгайларда кездешпейт, ошондуктан ал коргоого алынган. Андан сырткары арчалар (сары арча, түркстан арчасы, жапалак арча), кайыӊ, четин ж. б. да өсөт. Айбанаттары: тоо эчки, илбирс, түлкү, карышкыр, элик ж. б.; канаттуулары: кекилик, чил, улар, көгүчкөн, бактек ж. б. Коргоого алынгандан кийин мурда жоголуп бараткан сүт эмүүчүлөр кайра коё берилди. Токойду калыбына келтирүү максатында карагай, арча ж. б-дын көчөттөрү отургузулууда.