АЛАШАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛАШАН ‒ Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу. Абшыр-Сай суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 25 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 28 км. 1890-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 1280 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 401 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.