АЛАУДИН ЭГИРИН-ДИОПСИД КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛАУДИН ЭГИРИН-ДИОПСИД КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен шаарынан 15 км аралыкта. 1982-жылы табылган. Алаудин сайынын башатында. Мореналык катмардын арасында пироксениттин жумуру жана келки таштарында тунук ачык жашыл түстөгү эгирин-диопсид минералдарынын уя сымал топтолуштары кездешет. Алардын туура кесилиш өлчөмү 2‒12 ммден 30 ммге чейин. Эгирин-диопсид зер буюмдарды жасоого жарактуу.