АЛАТАМАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Ала.jpg

АЛАТАМАК ‒ кыз-келиндер көкүрөгүнө тагынган баалуу кооздук буюм. Акак, шуру, бермет, тор, сайма, курак, чачы, оймо жана башкаларды бири-бирине айкалыштыра колдонуу менен жасалган. Алатамактын асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюусу болот. Желке жакка байлап, көкүрөккө жая тагынат. XIX кылымдын аягы XX кылымдын башына чейин мындай кооздукту кыргыздын кыз-келиндери кеӊири пайдаланышкан. Учурда алатамак асем буюм катары өтө сейрек кездешет. Ушул сыяктуу кооздук хакас элинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Аны пого деп да аташат.