АЛАСТОО
АЛАСТОО, а л а с ‒ теӊирчилик дүйнө таанымынан келаткан ырым-жырым. Кыргыздар эзелтен эле отту ар нерседен тазартуучу касиеттүү күч катары санашып, ата конушту (журтту), үй-жайды кесир-кесепеттен, адамдарды, ошондой эле малды оору-сыркоодон сактоо үчүн арча, адырашман түтөтүшүп, аласташкан. Конуш жаӊыртканда, көч кербенин «алас-алас, ар балээден калас» ‒ дешип, эки оттун ортосунан өткөрүшкөн. Жыл ажырашта да (Ноорузда) айылдагылар чогулуп, айылдын ортосуна чоӊ от жагып, «эски жыл кетти, жаӊы жыл келди, айдан аман, жылдан эсен бололу, алас-алас, ар балээден калас» ‒ деп, алас расмисин өткөрүп, бири-бирине каалоо-тилектерин айтышкан. Наристени бөлөөдө сөзсүз түрдө, баланын бешигин, төшөнчү-кийимин аласташкан. Мындай ырым-жырым байыртадан эле Борбордук Азия жана Иран элдеринде кеӊири тарагандыгы белгилүү. Византия элчиси Земархты түрк каганы Истеми Актаг тоосунда салтанаттуу кабыл алуу учурунда аны от арасынан өткөргөндүгү тууралуу маалыматтар саякатчылардын эмгегинен учурайт. Арча, адырашман сыяктуу өсүмдүктөрдүн микробдорду өлтүрө ала турган дезинфекциялык касиети медицина тарабынан далилденип, бүгүнкү күндө күндөлүк турмушта да алас кеӊири пайдаланылууда.