АЛАМҮДҮН суусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮ́Н ‒ Аламүдүн районундагы суу, Чүй дарыясынын сол куймасы. Узундугу 78 км, алабынын аянты 317 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Аламүдүн мөӊгүсүнөн башталып, жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу шар агат. Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, тайыздайт. Бишкек шаарын аралай түндүккө карай агат. Ага 33 майда өзөн куят. Ири куймасы ‒ Чуӊкурчак (узундугу 19 км). Алабында жалпы аянты 0,8 км2ге жеткен 22 майда көл, 74,2 км2 келген 53 мөӊгү бар. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 6,36 м3/сек; байкалган эӊ көп чыгымы 300 м3/сек, эӊ азы ‒ 0,74 м3/сек. Аламүдүн капчыгайынан Чүй өрөөнүнө чыга бериште (Көк-Жар кыштагы тушта) суу бөлүштүргүч курулма курулган. Боюнан Көк-Жар, Таш-Мойнок, Беш-Күнгөй, Аламүдүн кыштактары орун алган. Сугатка кеӊири пайдаланылат.