АЛАМҮДҮН кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН ‒ Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Аламүдүн айыл аймагынын борбору. Бишкек ‒ Алматы автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 750 м бийиктикте, Бишкек шаарына туташ жайгашкан. Аламүдүн темир жол бекетинен 6 км түндүк тарапта. Кыштакты аралап Чоӊ Чүй каналы өтөт. 1868-жылы отурукташкан. Калкы 13140 (2022); көпчүлүгү Бишкек шаарынын ишканаларында, бир азы жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Кыштакта тажрыйба ремонттоо-механикалык заводу, 6 курулуш трести (14 курулуш уюмдары) орун алган. Эки орто мектеп, 4 бала бакча, ФАП, медпункт, 2 клуб, 2 китепкана, 5 ашкана, 2 кафе бар. Кыштакта Кыргыз ССРинин эл артисти К.Чодронов, Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Ф. Чернецова туулган.