АЛАМҮДҮН ТУРГУН ЖАЙЫ
АЛАМҮДҮН ТУРГУН ЖАЙЫ ‒ коло дооруна мүнөздүү турак жай калдыгы. Аламүдүн суусунун оӊ өйүзүндө, Кара-Жыгач багынын тушунда жайгашкан. Адам иш-аракетинин изи калган катмар бир кыйла аянтты ээлеп, 0,3‒0,6 м тереӊдикте жаткан. 1929-жылы россиялык археолог анын ичинде Тереножкин тарабынан коло дооруна мүнөздүү маданий катмар табылып, изилденген. Бул жерден геометриялык оймо-чиймелер менен кооздолгон, чопо идиштин сыныктары, бодо малдын, ошондой эле майда жандыктардын сөөктөрү жана күлдүн калдыктары чыккан. Тургун жайдагы карапа буюмдар Кыргызстандын түндүгүндөгү табылган карапаларга окшош келип, б. з. ч. 2-кылымдын аягы ‒ 1-кылымдын башына тиешелүү деп далилденген. Бул эстеликтердин мүнөзүнө караганда отурукташкан чарба шартында жер иштетип, мал багып жашоо тиричилигин өткөргөн андрон маданиятынын тургундары болгон.
К. Табалдиев.