АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ‒ дарыланууга жарамдуу ысык булактар. Бишкек шаарынан 30 км түштүк тарапта, Аламүдүн суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1700 м бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы минералдуу суулар чыгуучу зонада жатат. Палеозой заманынын башталышында пайда болгон граниттердин арасындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине булак түрүндө чыгат. Дебити 5‒7 л/сек. Суу өзүнүн химиялык курамы, физикалык касиети боюнча аз минералдашкан (0,4‒0,8 г/л), азоттуу (98%), гидрокарбонат-сульфат-кальций-натрийлүү жылуу сууларга кирет. Суунун температурасы 20‒30°С, түссүз, жытсыз жана даамсыз, курамында бир аз барий, стронций, марганец, молибден, висмут, вольфрам, жез бар. Суунун дарылык касиеттеринин бири анын курамында кремний кислотасынын (30‒50 мг/л) болушунда. Муун, ашказан, нерв, гинекология ооруларына пайдаланууга болот. 1997-жылдан баштап суу бөтөлкөлөргө куюлуп сатылууда.