АЛАМҮДҮН КАСКАДЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН КАСКАДЫ ‒ Батыш Чоӊ Чүй каналында жайгашкан , өткөрүмдүүлүгү 60 м3/с болгон 8 суу электрстанциясы. Алар төмөнкүлөр: Кичи Аламүдүн (1929-жылы ишке киргизилген, 400 кВт), Лебединовка (1943‒1945, 2600 кВт), Аламүдүн-1 (1956, 2200 кВт), Аламүдүн-2 (1949, 2500 кВт), Аламүдүн-3 (1951, 2140 кВт), Аламүдүн-4 (1953, 2140 кВт), Аламүдүн-5 (1957, 6400 кВт), Аламүдүн-6 (1958, 6400 кВт). Каскаддын аныкталган жалпы кубаттуулугу ‒ 29,78 миӊ кВт. Кыркадагы бардык электр чордондор бири-бири менен жана Кыргыз энергетикалык системасы менен чыӊалуусу 35 кВт электр тармагы (сеть) аркылуу байланышкан.