АЛАЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛАЙ ӨРӨӨНҮ Кыргызстандын түштүгүндө. Кеӊдик багытында созулуп жатат. Түндүгүнөн Алай, түштүгүнөн Чоӊ Алай кырка тоолору, чыгышынан Көк-Суу, батышынан Алай кырка тоосунун тармактары менен чектешет. Аянты 8,4 миӊ км2. Узундугу 174 км, туурасы чыгыш бөлүгүндө 27 км, батышында 3‒7 км, ортонку бөлүгүндө 40 км. Деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 3000 м, эӊ бийик жери чыгышында 3536 м (Тоо-Мурун ашуусу), эӊ жапыз жери батышында 2440 м. Алай өрөөнүнүн рельефинин азыркы турпаты неотектоникалык кыймылдардан жана тышкы күчтөрдөн (төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоо, эрозия, үбөлөнүү ж. б.) пайда болгон. Жалпысынан Алай өрөөнү батышты карай акырындап жантайган түздүк; ага тектирлүү жайылмалуу өрөөн, тоо этегиндеги шиленди түздүктөр, мореналык дөбө-дөӊсөөлөр («төө карындар»), чуӊкурчактар мүнөздүү. Өрөөндү караган Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталынын жазылыгы 25 км, жантаюусу 23‒25°; орточо бийиктиги 6000 м, эӊ бийик жери 7134 м (Ленин атындагы чоку). Капталдарында тереӊ, тепши сымал мөӊгүлүү өрөөндөр көп. Ал эми өрөөндү түндүгүнөн чектеген Алай кырка тоосу Чоӊ Алайга караганда 1500‒2000 кмге жапыз; өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийиктиги 1200‒2000 м; өрөөндү караган түштүк капталы кыска (4‒15 км) жана тик. Алай

АЛАЙ ӨРӨӨНү23.png

өрөөнүнүн калыӊдыгы 700‒800 мге жеткен байыркы жана азыркы аллювий-пролювий жана гляциалдык тектерге толгон. Өрөөндүн түштүк капталдары мезозой менен кайнозой тектеринин калыӊ катмарынан, айрым жерлери бор жана неогендин кызыл, кызгылт-күрөӊ түстөгү кум-шагылдуу конгломераттарынан, дарыя өрөөндөрү палеоген (кум, мергель, чополуу сланец) менен неогендин (кызыл түстүү кумдук, конгломерат) тектеринен турат. Өрөөндүн түндүк капталдары палеозойдогу бүктөлүүгө дуушарланган деӊиз чөкмөлөрүнөн, силурдун кумдук, сланец; девондун акиташ теги, сланец, кумдук; карбондун конгломерат тектеринен түзүлгөн. Кен байлыктары: көмүр, күйүүчү сланец, таш туз, курулуш материалдары ж. б. Климаты Орто Азия аба массасынын циркуляциясы менен тыгыз байланышта. Өрөөндү курчаган бийик тоолор аба массаларынын эркин өтүшүнө тоскоол болуп тургандыктан түндүк, түндүк-батыштан соккон муздак аба массасы жаз, жай айларында Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталдарына, түштүгүнөн сейрек соккон жылуу аба кышында Алай кырка тоосунун түштүк-батыш капталдарына арбын жаан-чачын алып келет. Өрөөндүн этек бөлүктөрү кургакчыл. Жалпысынан Алай өрөөнүнүн климаты континенттик. Январдын орточо температурасы өрөөндүн чыгышында ‒17,5°С, батышында ‒14,4°С, июлдуку чыгышында 9,2°С, батышында 15,3°С. Жаан-чачыны чыгышында 346 мм, батышында 271 мм. Өрөөн аркылуу чыгыштан батышка Кызыл-Суу дарыясы агып өтөт. Байыркы мореналардын арасындагы чуӊкурларда майда көлдөр көп (Орто-Чукур, Боока-Чукур, Корумду-Чукур). Өрөөн жер астындагы сууларга да бай. Агыш күрөӊ, коӊур каралжын, тоо шалбаа, чымдак, аллювий топурагы басымдуу. Физикалык географиялык шартына жараша (түштүк тарабынан тоолор менен курчалып, деӊиз деӊгээлинин бийик абалы, Памир менен Теӊир-Тоонун чегинде жатышы) Алайдын өсүмдүктөрү да айланасындагы аймактардан өзгөчөлөнүп турат. Өрөөндүн таманынын чөл өсүмдүктөрү батыштан чыгышты карай талаа, шалбаалуу талаа менен алмашат. Тоо капталдарына субальп жана альп талаасы, шалбаалуу талаа жана дүӊгөлүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Батыш четинде сейрек арча токою, суу жайылмаларында тал, бака терек, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан аймактарды шалбаалуу саздар ээлейт. Алай өрөөнүнүн мал чарбасында мааниси чоӊ. Анда жайкысын Ош, Баткен облустарынын малдары багылат. Чабынды жерлери да кеӊейүүдө. Өрөөн аркылуу Ош ‒ Хорог автомобиль жолу өтөт. Дароот-Коргон кыштагында 18‒19-кылымдарга таандык чеп (сокмодубал) коргондор, Алтын-Дарадагы мазарларда араб (16-кылым) жазуулары сакталган.
К. Матикеев.