АЛАБУГА суусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛАБУГА ‒ Ак-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 км, алабынын аянты 5820 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа менен Бычан кошулуп Алабуганы түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоӊку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, суусу тайыздайт. Куймалары: Жаман-Даван (64 км), Коӊорчок (39 км), Кашка-Суу (33 км), Кумарык (23км) (оӊ); Бычан (40 км), Сөөк (45 км), Кара-Суу, Миӊ-Жылкы, Мына-Келди, Кырчын-Булак (сол). Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 26,5 м3/сек; көбү ‒ 124 м3/сек, эӊ азы ‒ 9,70 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кош-Дөбө, Коӊорчок кыштактары жана Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним суудагы балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.