АК ЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК ЫР ‒ уйкашсыз ыр. Мындай формадагы ырларда ыргак сакталат, бирок уйкаштыктын салттуу орду бош калат. Дүйнөлүк адабиятта мындай ыр 16-кылымда байкала баштаган. 18-кылымда орус акындары өз чыгармаларында кеӊири колдонушкан (В. Тредиаковский, А. Сумароков, А. Радищев, Н. Карамзин ж. б.). Ушул формада жазылган А. С. Пушкиндин чакан трагедиялары, «Борис Годунов» драмасы, Н. А. Некрасовдун «Оруста кимдер жакшы жашайт?» поэмасы жана бир катар ырлары коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган. Кыргыз поэзиясында уйкашсыз ырлар кийинки жылдарда башка элдердин поэзиясынын таасиринен улам пайда болду. С. Эралиев («Жылдыздарга саякат», «Жол», «Ак жыттар»), Р. Рыскулов («Күндөй жашайм»), С. Акматбекова ак ыр жараткан.