АК ОРДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК ОРДОАлтын Ордонун эки канатынын бири; аны Жучунун уулу Батый жана анын укум­-тукумдары башкарган. Алтын Ордо аталышы Батыйдын доорунан тартып, Жучу улусунун бар­дык аймактарына карата айтылса, 14‑кылымдын ба­шынан Ак Ордогого гана тиешелүү айтылып калган. Ак Ордо Батыйдын жана анын бир туугандары: Беркенин (Түндүк-Чыгыш Кавказ), Шибананын (азыркы Казакстан жана Батыш Сибирь), Мо­валдын (Кара деңиздин бойлору) улустарынан турган. Кийин Батый менен Беркенин улустары кошулуп кеткен. 15‑кылымда Ак Ордонун аймагында Чоң ордо, Ногой ордосу, Өзбек, Казан, Крым, Сибирь хандыктары пайда болгон.
Р. Жолдошов.