АК ОЛПОК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК ОЛПОК – 1) жоокер кийими. Аны баа­тырлар чалгынга, жоого чыкканда найза, кы­лыч, ай балта жана жебеден сактанууга, ошондой эле эл башкаруучу атак‑даңк, сөөлөт үчүн да кийиш­кен. Кийиз менен кайыш кабатталып (сырткы бетине өзгөчө түр берүү үчүн арасына темир, ал­барстын майда өгөндүсү же кум кошулган), кай­ра‑кайра шырылып, жибек же баалуу кездеме­лер менен ичтелип, этеги, жеңи кыска, тик жака, алды‑арты өз‑өзүнчө туюк жасалып, эки кап­талы ачык тигилип, бүчү менен бүчүлөнгөн. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүү үчүн сырткы бетине (кайышка) жырткыч айбандын (арстан, жолборс, ажыдаар) ар түрдүү көрүнүштөгү сү­рөтү, оюм‑чийим түшүрүлгөн. Ал эми «Ак» түшүнүгүнүн кошулуп айтылышы, кыргыздар­дын жоокерчилик заманда өң‑түстү гана эмес, касиеттүү, ыйык, ырайымдуулук деген мааниде колдонулгандыгын билдирет. «Манас» эпосун­да Ак олпок ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кес­пеген чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, асем‑сый буюм катары сүрөттөлөт; 2) мамык төшөкчө. Ичине жүн жана кебез салынып, ак бөз кездеме­ден жасалып, бешикке төшөлөт.
Ш. Керимова.