АК МАМЫК
Jump to navigation
Jump to search
АК МАМЫК (Atropis Rupr) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Дүйнөдө 86 түрү бар. Түбү борпоң, сабагынын бийиктиги 30– 40 см. Арык бойлорунда, нымдуу өзөндө, шор, кумдуу‑топурактуу жерде өсөт. Анын чөбү июндан августка чейин гүлдөйт. Ал сапаттуу тоют, курамында сиңимдүү протеин бар. Жайытта Ак мамыкты бодо мал жакшы оттойт. Баш алган убагында сапаттуу тоют камдалат.