АК КУНАС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК КУНАС (Ciconia) – кунастар уруусундагы куш. Бийиктиги 1 мге жакын. Түсү ак, кара ала, тумшугу менен буту кызыл. Фергана жана Чүй өрөө­ндөрүнүн талааларында, саздак жерлерде сейрек жолугат. Уясын ири дарактарга салып, бир жыл­да бир жолу 2‑5 жумуртка тууп, балапандарын ба­сып чыгарат. Ба­ка, балык, чыч­кан, кескелдирик жана курт‑кумурс­калар менен азыкта­нат. Бул куш мын­дан көп жыл му­рун Борбордук Азияда кеңири таралган. Азыркы учурда бардык жерде азаюуда. Анын кескин азайып кетишине саздардын кургаты­лышы, дың жерлерди бузуп, айдалышы себеп.

АК КУНАС45.png

1952‑жылдан Кыргызстанда Ак кунасты кармоого тыюу салынган. 1975‑жылы Кыргызстандын Кызыл ки­тебине катталган.