АК КЕЛТЕ
Jump to navigation
Jump to search
АК КЕЛТЕ (ир. «калта» – кыска, «мил» – мылтык) – «Манас» эпосундагы башкы каарман Манастын мылтыгы. Эпосто касиеттүү, ыйык куралдын бири катары сүрөттөлөт. Мисалы, согуш болор алдында керегеде илинген жеринде өзүнөн өзү атылып, оозунан кан тамышы же Манас өлгөндөн кийин он эки жыл Абыкенин колунда атылбай калышы ж. б. Ошондой эле тунгус, маньчжур алдеринде да «галтэ» добуштуу мылтык деген аталыш менен белгилүү.