АК КАРАГАЙ
Jump to navigation
Jump to search
АК КАРАГАЙ (Abies) – кызыл карагайлар тукумундагы дарак өсүмдүгү. Бийиктиги 30‑65 м, сөңгөгүнүн диаметри 2 мге чейин. Кабыгы агыш боз, жылмакай, 300‑350 жыл өсөт. Ийне жалбырактарынын узундугу 2‑3 см, жоондугу 0,2‑0,3 см, бир үйлүү өсүмдүк, айрым жыныстуу. Мөмө берүүчү жаш тобурчагы – жашыл, бышканы – күрөң, узундугу 10‑16 см. Уругу чоң, узундугу 1 смге чейин. Тобурчагы эрте күздө бышып, уруктары күбүлүп түшөт. Тамыры терең; сөңгөктүү жана бир нече күчтүү өөрчүгөн каптал тамырлары болот. Борбордук Европа тоолорунда жапайы түрдө таралган. Кыргызстанда Семенов Ак карагайы Батыш Теңир‑Тоонун реликт жана эндем түрү. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.