АК ЖАР
Jump to navigation
Jump to search
АК-ЖАР, К р у п с к а я – Талас облусунун Кара-Буура районундагы кыштак. Аманбаев айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кызыл‑Адыр кыштагынан 30 км батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 20 км. Деңиз деңгээлинен 1072 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1253 (2022); негизинен мал чарбасында, тамеки өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.