АК-ӨЛӨҢ СИЕНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ӨЛӨҢ СИЕНИТ КЕНИ Ысык‑Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 18 км түштүктө, Ак‑Өлөң кыштагынан 4 км түштүк-батыш тарапта, Оттук тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1720–1860 м бийиктикте жайгашкан. 1974–75‑жылдарда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы таш көмүр мезгилинин аягы‑пермь мезгилинде пайда болгон сиенит тоо тектеринен түзүлгөн. Кен ири кристаллдуу сиенит штогунан турат. Штоктун узундугу 230 м, туурасы 100–130 м. Ири кристаллдуу сиенит боз, көгүлтүр жана бозомук кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговой обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын эң коо­зу жана кубулжуп көрүнгөнү – анортоклаз. Ал башка кристаллдарга караганда бир нече эсе чо­ңураак келип, сиениттин порфир сымал негиз­ги структурасын түзөт. Мында ири кристалл­дар 15–60%. Алардын узундугу 30 см, туурасы 8 смге жетип, жылмаланган таштын бетин караганда күнгө кубулжуп, кооздугу менен асылдуулугун арт­тырат. Блоктордун чыгышы 64,7% ти түзөт. Ка­лыңдыгы 40 мм болгон даяр такталардын чы­гышы 9,9 мг3. Узундугу 1–2 мге жеткен бышык жана жакшы жылмаланган такталар алынат. Кендин запасы А категориясы боюнча 356,6 миң м3, В – 595,1 миң м3, C1 – 390,9 миң м3. Алар м­енен имараттардын ички жана сырткы дубал бетте­рин каптап кооздосо болот. Ал эми кубулуп турма кооз кристаллдар майда асем буюмдарды жасоого жарактуу.