АК-ӨЛӨҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ӨЛӨҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ Балыкчы булуңу­нун түштүк-батыш жээгинде. Ак‑Өлөң кыштагынан (Тоң району) 6,3 км түндүк-чыгыш тарапта. Көлгө карай 2 км кирип жатат, туурасы 3 км. Мурда арал болуп (аянты 66480 м2), жээктен 130 м ара­лыкта турган (1956‑жыл), кийин кургактыкка ко­шулуп, жарым аралды түзгөн. Жарым аралдын аянты 1957‑жылдан 1982‑жылга чейин 0,6749 км2ге, 1981‑84‑жылдары 0,0046 км2 ге чоңойгон. Суу астын­дагы бөлүгүндө 3–5 м тереңдикке чейин кум жал­чалары жатат. Кум‑шагылдуу жээк жалчала­ры, сайроондор ж. б. мүнөздүү.