АК-ШЫЙРАК КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ШЫЙРАК КЫРКА ТООСУ Ч а а р - Т а ш Ички Теӊир-Тоодо; Фергана тоо тизмегинин борбордук бөлүгүнө жанаша жатат. Түндүгү менен батышынан Тогуз-Торо, чыгышынан Орто-Нарын өрөөндөрү менен чектешет. Түштүк-батыштан чыгышты карай 40 кмге созулат; туурасы 10 км. Батышта Кылдоонун бели (Ой-Кайыӊ) аркылуу Фергана тоо тизмегине кошулат. Ой-Кайыӊ суусу тоону кесип агып, антецедент өрөөнүн пайда кылган. Орточо бийиктиги 3400 м, эӊ бийик жери 4786 м. Гранит жана акиташ тоо тектеринен түзүлгөн. Чыгышында (Алабуга суусунун чатында) неогендин чополуу тоо тегине «чөгүп» кетет. Борбордук бөлүгү бийик, түндүк бети тик жана аскалуу. Үстү жана түштүк капталы жылмаланган, жайдак. Ак-Шыйрак кырка тоосу структурасы боюнча ‒ горст-антиклиналь. Чыгыш жана батыш тараптары кургак талаа (2400‒3400 м), түндүк бети (Көл, Беш-Көл) карагайлуу. Ой-Кайыӊ жана Оорук-Там тулаӊ, бадалдуу (четин, карагат, бөрү карагат, ит мурун, табылгы), түштүк жаккы өрөөндөрүндө шалбаа чөптөрү өсөт (2500‒2800 м). Жайыт.