АК-ШАГЫЛ АЛЮМИНИЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ШАГЫЛ АЛЮМИНИЙ КЕНИ Баткен районунда, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түндүк капталындагы Ак-Шагыл тоосунда, деӊиз деӊгээлинен 1150‒1921 м бийиктикте. 1963‒66-жылдарда кен издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы ортонку-жогорку девондун жана төмөнкү-ортонку таш көмүр мезгилинин карбонаттык катмарларынан турат. Кенташ (руда) тулкулары кыска линза жана уя сымал топтолуп, ортонку девондун акиташ тегинде жатат жана ортонку таш көмүр мезгилинин акиташ-доломит брекчиялары менен жабылган. Кенташ (руда) тулкуларынын саны 60ка жетет, калыӊдыгы 0,5‒4 м. Кенташтын минералдык курамы боюнча диаспор-темирлүү боксит үстөмдүк кылат. Алюминий кычкылынын өлчөмү 52‒57%. Ак-Шагыл кенинин бокситтери өнөр жайлык жогорку сапаттагы Б-3 жана Б-1 маркасына тиешелүү. Алюминий кычкылынын (бокситтин) болжолдуу запасы 391 миӊ т.