АК-ЧУӉКУР ҮӉКҮРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ЧУҢКУР ҮҢКҮРҮнеолит дооруна (б. з. ч. 6‒4-миӊ жылдык) таандык археологиялык эстелик. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш айылынан 7 км чыгыш тарапта, Сары-Жаз суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 3150 м бийиктикте жайгашкан. 1954-жылы А. Н. Окладников жана В. И. Рацек тарабынан ачылган. Үӊкүрдүн бийиктиги 2‒4 км, узундугу 40 мге чейин жетип, эки ярустан турат. Үӊкүрдүн боорунда кызыл жошо менен тартылган теке жана жыландын сүрөттөрү, кара боёк менен түшүрүлгөн несториан крести, тамга жазуулар (орто кылымга таандык), ошондой эле жаныбарлардын сөөктөрү, неолит дооруна таандык иштетилген таштар жана көӊдөйүндө жошо сакталып калган текенин мүйүзүнүн сыныгы табылган. Үӊкүрдөгү айрым сүрөттөр мезолит дооруна мүнөздүү.
М. К. Борсунбаев.