АК-ТӨР ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ТӨР ТООСУ Кичи Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кум-Бел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору жана Кум-Бел ашуусу менен чектешет. Узундугу 50 км, эӊ жазы жери 11 км. Орточо бийиктиги 3760 м, эӊ бийик жери 4503 м (Кум-Бел ашуусунун түштүгүндө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш жана борбордук бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түндүк капталдарын майда мөӊгүлөр ээлейт. Түндүк-чыгышты карай капталдары жантайыӊкы тартып, кырлары кумпа сымал формага өтөт. Жылгаларында шагыл, ири таш сыныктары көп кездешет. Түштүк капталдары тик, кыска жана борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Тоодо Ак-Төр, Кум-Бел, Кош-Бел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, талаа (3200‒3600 м бийиктикте) жана гляциалдык-нивалдык (3600‒4000 м) ландшафт алкактары мүнөздүү.